Москва шаарында жол кырсыгынан каза тапкан кыргыз жаранынын сөөгү бүгүн, 5-июнда Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө учак менен кыргыз жерине алынып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 1-июнда Москва убактысы боюнча саат 04:00 чамасында М-3 Украина трассасында Тойота Альфард үлгүсүндөгү №25-14SAL мамлекеттик номерлүү минивэн унаасы менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 4 адам каза болгон (1 адам КРнын жараны), 3 адам жабыркаган (1 адам КРнын жараны).
Каза болгондор:
1959-жылы туулган Чынара Таирова, Ош облусунун Араван районунун Маңгыт айыл аймагынын Маңгыт айылынын жашоочусу. Анын сөөгү буга чейин Реутов шаарынын өлүк сактоочу жайында сакталып турган.
Жабыркагандар:
1992-жылы туулган Темир Мусалиев, Чүй облусундагы Токмок шаарынын тургуну, Москва шаардык
№1-ооруканасында дарыланууда.