Жайыл районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн 19 жолу бычак сайып өлтүргөндөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 10-май
түнү Калинин айылында болгон. Анда белгисиз адамдар 1990-жылы туулган
Д.Кубанычбекти бычактап кетишкен. Ага 19 жолу бычак сайылган. Ошондой эле ал
уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү болгон.
Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүүлөрдүн бири - 1990-жылы туулган Б.Тилек кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.