5-июнь күнү саат 17:30 чамасында Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынын Аримжан айылында жергиликтүү тургун, 1996-жылы туулган Т.М. өзүнүн Хонда Одиссей үлгүсүндөгү автоунаасы менен велосипед менен бара жаткан 1985-жылы туулган Д.У. аттуу тургунду уруп кеткен. Натыйжада Д.У. алган жаракатынан окуя болгон жерден каза болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен кабарлашты.
Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.