"Бишкекте “өлүм” пандустары курулуп жатат". Мындай пикирин бүгүн, 8-июнда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын талкуулоого арналган тегерек столдо катышуучулар билдиришти. Алардын айтымында, учурда мамлекеттик архитектура мекемеси Бишкекте жаңы курулуп жаткан имараттардын кандай салынып жатканын карабайт.
“Бишкекте жакшынакай үйлөр курулуп жатат, бирок алардын биринде да пандустар жок, ал эми барларында өлүп калуу коркунучу бар. Майыптардын имаратка кирип-чыгуу шарттары нормага ылайык каралган эмес. Мунун айынан көпчүлүк маалда араба менен жүргөн жарандарыбыз керектүү жерлерге кирүү мүмкүнчүлүгү жок болуп, сыртта күтүүгө туура келет”,- дешти катышуучулар.
Ошондой эле республикалык тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Социалдык өнүгүү министрине 2010-жылдан бери балдардын жөлөк пулдары көтөрүлө электиги да айтылды.