Социалдык өнүгүү министри небереси 1-топтогу майып экенин айтты

Бүгүн, 8-июнда Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоого арналган республикалык тегерек столдун жүрүшүндө 1-топтогу майып адамдардын жумушка орношуу боюнча маселеси талкууга алынды. Иш-чаранын катышуучулары: “Биздин мыйзам боюнча, 1-топтогу майып адамдын жумушка орношууга укугу жок. Бул мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл, анткени акыл-эси ордунда болгон адам компьютерде жана башка жумуштарда иштесе болот. Биздин заманда 1000-3000 сомго чейинки жөлөк пулга жашоо кыйын, кээ бир учурда мүмкүн эмес”,- дешти.

Буга байланыштуу КРнын Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жакшы түшүнөрүн билдирди.

Менин бир неберем 1-топтогу майып, министр боло электе эле аны менен жүрүп сиздер көргөн түйшүккө мен да кабылгам. Сиздерди жакшы түшүнөм. Бул боюнча маселе, албетте, каралышы керек”,- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан