Базар-Коргон районунда жарактан чыккан көпүрө дале элдин кызматында. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда окурман Viber аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, Базар-Коргон менен Көкчөкөз, Жилпром, Могол айылдарын бириктирген көпүрө бир канча жыл мурун эле керектен чыккан, бирок ага карабай бүгүнкү күнү да эл кызматында.
“Бул көпүрөдөн мектеп окуучулары жана айыл тургундары өтүшөт. Качан кулап түшөт деп коркосуң”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.