"5-июнда жарыкка келген үч эмдин апасынын тынчын алып, “балдарыңды багып алалы” дегендер көп болууда. Эненин абалын учурда жакшы деп айтканга болбойт". Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда SUPER.KG порталына ымыркайлардын апасы Бактыгүл Камчыбек кызын карап жаткан мечиттин кызматкери Зарина Батыралиева билдирди. Анын айтымында, Бактыгүл айымдын маселеси коомчулукка белгилүү болгондон бери ага телефон чалып, “балдарыңды бизге бер, багып алабыз” дегендер көбөйгөн. Мунун айынан жаңы төрөгөн Бактыгүлдүн ден соолугу алдыга жылбай эле, санаанын айынан начарлоодо.
“Мен сиздер аркылуу айтып коёюн дедим, Бактыгүл кандай гана жагдай болбосун, балдарын эч качан эч кимге бербейт. Анын жолдошу сыналгы аркылуу үч эмдин атасы болгонун угуп, келерин айткан, эки күндөн бери күтүүдөбүз. Анан Бишкектеги жеке ишканалардын бири Бактыгүлгө 5-6 айга ижарага батир алып беребиз деди. Алар да учурда жооп күтүшүүдө. Азыр жолдошу Алтынбек келсе, үй-бүлө, балким, биригеби, эмне болот деп турган чагыбыз. Ал эми балдардын ден соолуктары дурус эле”,- деди Батыралиева.
Кошумчалай кетсек, үч эм 5-июнда жарыкка келген. Алардын энеси жолдошу менен кош бойлуу кезинде ажырашып кеткенин айткан. Ошондой эле саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев үч эмдин энеси үйү жок, кыйын абалда экенин айткан. Жогоруда айтылгандар айрымдардын "үч эмди багып алалы" деген кайрылууларына себеп болуп жатышы мүмкүн.