Бүгүн, 9-июнда өзгөчө кырдаалдар министри
Кубатбек Боронов Баткен облусунун Лейлек районуна барды. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына
ӨКМнын басма сөз кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Маалым болгондой, учурда министр аталган райондун
Кулунду жана Бешкент айыл аймактарында 8-июнь күнү жүргөн селдин кесепеттери менен таанышууда.
Сел суулары Кулунду айылында 15, Ак-Арык айылында 30, Интернационал айылында 12, Булак-Башы айылында 3, Раззаков айыл аймагында 10, Кайрагач айылында 78, Эски-Оочу айылында 65 турак үйгө кирген. Ошондой эле ички чарбалык жолдор, арыктар кум-шагылга толгон.