12-июндан баштап Бишкек шаарына ысык суу берилет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, жабдууларды
оңдоп-түзөө, 2015-2016-жылкы жылуулук мезгилине даярдык көрүү иштерине
байланыштуу ысык суу 12-майда токтотулган эле. Азыркы тапта суу түтүктөрү оңдолуп бүткөн. Суу бериле баштаган күндөн тартып 3-4 күндүн аралыгында борбор калаанын тургундары ысык суу менен толук камсыз болушат.
Белгилей кетсек, ысык сууну бир айга токтотуп, оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча жарлыкка мэр Кубанычбек Кулматов
4-майда кол койгон. Өткөн жылы ысык суу берүү 19-майдан 19-июнга чейин, 2013-жылы 13-майдан 13-июнга чейин токтотулган.