Кыргыз жергесинде этникалык азчылыктын өкүлдөрү документтерине башка улуттун өкүлү болуп жазылып алып жатышат

"Кыргыз жергесинде этникалык азчылыктын өкүлдөрү ар кандай себептер менен өз улутунун эмес, башка улуттун өкүлү болуп алышат. Мындан улам өлкөдө элдик каттоо жүргүзүп, аны айыл аксакалдары менен бирге кылдат өткөрүү зарыл". Муну бүгүн, 10-июнда “2010-жылдагы Июнь окуялары: себептери жана келечек үчүн сабактар” аттуу илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Рудаки атындагы “Кыргыз жергесиндеги тажик эли” коомдук бирикмесинин президенти Равшанбек Сабиров билдирди. Анын айтымында, кээ бир улуттун өкүлдөрү паспортко “кыргыз жергесинин жараны” деп же өз улутун жазгысы келет, бирок мектептердин, китеп куралдарынын жоктугунан же өзү отурукташкан аймакта кайсы бир этностун өкүлдөрүнүн көптүгүнө карап башка улутту жаздырып алгандар бар.

“Учурда мен билгенден Өзгөндө, Кашкар-Кыштакта, Нариманда, Кара-Сууда уйгур улутундагылар көп, бирок “өзбек” деп же башка деп жаздырып алышкан. Ошондой эле Ала-Бука районунда көптөгөн тажик улутундагылар кайрадан эле “өзбек” деп жаздырып алышкан. Буларды туура каттоо үчүн атайын комиссиянын курамына жергиликтүү укук коргоо кызматкерлеринен жана абройлуу аксакалдардан кошуп, тарыхый чындык үчүн деле алып чыгышыбыз керек”,- дейт коомдук ишмер.

Сабировдун айтымында, учурда ар башка улуттун өкүлдөрү үйлөнүп, үй-бүлө курганда аларга акчалай жардам көрсөтүп, этностор аралык достукту чыңдаса жакшы жөрөлгө болот.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uragan007
2015-06-10 16:39:42
максатка от Равшанчик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан