Чүй облусунда уурулукка шектелип 16 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-июнь күнү милиция кызматкерлерине 17 жаштагы Б.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Лебединовка айылындагы дөңгөлөк желдөөчү жайдан белгисиз адам акчасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 16 жаштагы М.С. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.