“Совет доорундагы балдардын эмгеги менен бүгүнкү күндөгү балдардын эмгегин салыштыруу мүмкүн эмес”. Мындай пикирин бүгүн, 11-июнда Бүткүл дүйнөлүк балдар эмгегине каршы күнүнө (12-июнь) арналган тегерек столдо КРдагы Эл аралык эмгек уюмунун улуттук координатору Болот Ороков билдирди. Анын айтымында, тарбиялоочу эмгек менен эксплуатация - бул эки башка нерсе.
“Учурда кээ бир улгайып калган адамдар “Совет доорунда биз деле талаага чыгып картошка терип иштегенбиз. Жакшынакай эле өстүк, акылыбыз жана ден соолугубуз жайында. Азыркы балдар деле эмгектенсин, эч нерсе болбойт” дешет. Союз учурунда балдар окуп, мектептен тышкары баары чогулуп эмгектенчү. Бул нерсе анын жашы жана ден соолугунун абалына жараша ченелүү убакытка гана болуп, көзөмөлдөнчү. Эмгек жакшы тарбия берүү максатында өткөрүлгөн десек болот. Ал эми бүгүнкү күндө жаш балдар бут кийим тазалап, тилемчилик кылып же таң атпай туруп гезит сатып, анан мектепке кечигип барганы, ал жерде уктап отурганы туура эмес. Көп учурда балдар мектепке барбай, чоң адамдар жасачу жумушту аткарып ден соолугунан айрылышууда. Өлкөдө жумушсуздук болуп жатканда, балдардын эмгеги арзан жана ийкемдүү болуп саналат”,- деди серепчи.