КРнын жана Орусиянын Баатыры, космонавт
Салижан Шарипов 11-июндагы маалымат жыйынында
"Ачык Ысык-Көл-2015" фестивалы аркылуу кыргыз жерин сүйүш керектигин ар бир катышуучуга жеткиргибиз келет" деп билдирди.
"Космостогу планетанын өкүлү катары Жер шарында жаратылышы кооз, адам баласынын колу тие элек жерлер абдан көп экенин айткым келет. Ошондой кооз жерлердин бири Ысык-Көл болуп саналат. Көптөгөн космонавттар көлдү жакшы көрүшөт. Келип эс алып кетишет. Ысык-Көлдүн формасы космостон жылмаюуга окшоп көрүнөт",- деди ал.
Ысык-Көлдө өтүүчү фестивалга КМШга мүчө мамлекеттерден катышуучулар келерин белгилеп: "200гө жакын адам катышуу үчүн келет. Фестиваль үчүнчү жолу өтүп жатат. Каржылоо маселеси чечилсе, башка аймактарда да ушундай иш-чара өткөрүп же башка облустардан балдарды катыштырууга алып келсек жакшы болмок",- деди.