Бүгүн, 11-июнда Кара-Балтага болгон иш сапарында социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев көзөмөл борборунда жана балдар үйүндө болду. Бул жайлар Кызыл Жарым Ай коомунун карамагында. Министр бул жолугушуунун максаты эки тараптуу кызматташууну жакшыртууга арналганын белгиледи.
Анын айтымында, коомдук уюмдар бул тармакта жакшы иш алып барып, өкмөттүн ишин жеңилдетип жатат.
"Биз бул жайлардын иши толук канааттандырарлык экенин айтып коюшубуз керек. Мисалы, мамлекеттик мекемелер жаш балдар жана карылар менен иштешүүдө кыйынчылыктарга туш болушат. Имарат издеш керек болот. Биз көрүп тургандай, бул жерде бардык шарттар бар",- деди министр.