Бишкекте диний-экстремисттик уюмдун идеясын таратуу боюнча эки факт аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун К.Э. аттуу тургунунун жашаган жери текшерүүгө алынган. Анын негизинде диний-экстремисттик мүнөздөгү баракчалар, видеотүрмөктөр, китептер табылган. Ошондой эле Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин студентинен да экстремисттик материалдар алынган.