Өлкөдө ар бир бешинчи жаш бала аз кандуулук менен ооруйт

Өлкөдө ар бир бешинчи жаш бала аз кандуулук менен ооруса, ар бир жетинчиси өз өмүрүн кыюуга аракет жасайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Бүткүл дүйнөлүк балдар эмгегине каршы күнүнө (12-июнь) арналган тегерек столдо КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Гүлшан Абдылдаева билдирди. Анын айтымында, учурда наристелер керектүү делген витаминдерди жетишерлик деңгээлде алышпайт.  

Өлкөбүздө балдар жакшы каралбайт, иштейт, ооруйт, өз өмүрүн кыюуга аракет жасайт, жыйынтыгында мамлекетти кандай келечек күтүүдө? Бүгүнкү күндө 5-6 жаштагы балдардын оор жумуш жасап жүргөндөрүн көрсө болот. Жакшы тамак-аш ичишпейт. Ал эми өспүрүмдөрдүн 34 пайызы өнөкөт ооруларга чалдыккан. Кээ бир ата-энелер баласын бага албай кулчулукка саткан учурлар болгон. Балдардын мектепке барбай, жайлоодо кой кайтаргандары катталган. Буга окшогон маселелерди коомчулук билиши зарыл.

Учурда ушул жана башка маселелерди бир аз болсо да жоюу максатында класс жетекчилер ата-энелер менен иш алып барып жатышат. Жалпы билим берүү жайларында балдарга жок дегенде бир маал ысык тамак берилип, өзүн таза жана камкор алып жүрүүгө үйрөтүүчү сааттар киргизилген”,- дейт Абдылдаева.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurchik05
2015-06-11 17:08:35
Кайдагы ыссык тамак инилерим чай менен печенье жедик деп еле келет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан