Орусияда уюшкан кылмыштуу топтордун биринин лидери кыргыз жаранынан 10 миң доллар талап кылганы үчүн кармалды

5-июнь күнү Орусияда уюшкан кылмыштуу топтордун биринин лидери Мирлан Макаилов кыргыз жаранынан 10 миң доллар талап кылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Макаилов “Кыргыз Республикасынын жаранын коркутуп, 10 миң доллар талап кылган” деп айыпталууда. Ал эми бул факт боюнча шектелгендердин экинчиси Т.Нургазы 6-июнда кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.

Айта кетсек, Мирлан Макаилов “ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү” беренеси боюнча айыпталып, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндүктөн, 1-июнь күнү Орусияда кармалган. Бирок ал Орусиянын жараны экени эске алынып, эртеси коё берилген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Bektur2
2015-06-11 15:56:17
Чет жерде иштеп акча табайын деп жургон мекендештерден акча талап кылган крысаны Кыргызстанга алып келип сазайын беришсин
+6
Shai
2015-06-11 16:33:03
Bektur2, Кой Кыргызстанга келсен когунон кичине узатса кое беришет бизге билдирбей тоной бер деп. Себеби бизде акча менен баарын чечсен болот.
+2
priora1982
2015-06-11 16:03:48
Кыргызстана келсе кыйын болуп калатко карышкыр жокто чыгып кеткен бул гражданин Россия ошол жакта отурушу мункун
+2
Medina87
2015-06-11 16:28:12
Россиянын жарандыгын алган менен каны кыргыз го! Чет жерде жургон боордошторуна жпрдам бергенче боорлоруна тепкени кесирлик!!
+1
EdikoKG
2015-06-11 16:57:47
Кыргыз кыргызга кана алы жетет. Эхх!!!
+5
jazgul80
2015-06-11 21:59:17
EdikoKG, ошону айтсан. Коркок да
+3
Biinura
2015-06-12 18:04:12
EdikoKG,созунузго кошулам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан