Жаштар министрлиги: "Коомдук иштерге активдүү катышкан 100 студент Ысык-Көлгө эс алууга барат"

Эртең, 12-июнда коомдук иштерге активдүү катышкан студенттер "Жайкы лагерь-2015" долбоорунун алкагында Ысык-Көлгө жөнөп кетишет. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, долбоор министрлик менен кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланууда. 

Жайкы лагерге жыл ичинде жакшы окуп, өзүн ар тараптан көрсөтө алган 100 студент барат. Иш-чаранын максаты - жаштарга стимул берүү, аларды коомдук иштерге тартуу, достукту бекемдөө. Студенттер үчүн жайкы лагерь 2011-жылдан бери ишке ашырылып келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан