Бишкекте бардык муунду китеп окууга чакырган иш-чара болуп өттү

И.Панфилов атындагы сейил багында Бишкек шаарынын борбордоштурулган китепкана тармагы, К.Баялинов атындагы Республикалык балдар китепканасы жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен биргеликте “Китеп кербени” долбоору башталды. Бул тууралуу 11-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Экинчи "Китеп кербени" Бакай-Ата жаңы конушунда ачылып, балдарга сүрөт тартуу, окуу, стол жана спорттук оюндар үчүн аянтчалар жана табышмак оюндары даярдалды. Шаар тургундарына Свердлов районунун бий тобу жана жаш артисттер концерт тартуулашты.
Долбоордун максаты – бардык муунду китеп окууга чакыруу, ошондой эле окуучуларды бош убактыларында  китепканага келүүгө үндөө. Кийинки "Китеп кербени" Свердлов районунун Ак-Бата жана Көлмө жаңы конуштарында өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан