Ысык-Ата районунда чоң көлөмдө ок-дары табылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-июнь күнү милиция кызматкерлерине 49 жаштагы Ж.А. кайрылып, жоголгон атын издеп жүрүп Калашников автоматынын 1801 даана огун жана 2 даана үн чыгаруучу граната таап алганын айткан. Учурда табылган ок-дарылар милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, бул боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.