Бишкек шаарында болуп өткөн катуу шамалдын кесепетинен улам келтирилген чыгым 1 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жалпы Бишкек шаары боюнча 38 турак үйдүн 1709 даана шиферин жана 17 мамлекеттик ишкананын 2301 даана шиферин шамал учурган. Келтирилген чыгымдын көлөмү болжол менен 1 миллион 403 миң сомду түзөт.
Айта кетсек, 8-июнь күнү саат 20:18 чамасында Бишкек шаарынын аймагында ылдамдыгы секундасына 13 метрден 27 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган.