Нарын суусуна чөгүп кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 10-июнь күнү Нарын районунун Таш-Башат айылында 1969-жылы туулган Эсенаалы Мамбеткулов Нарын дарыясына чөгүп кеткен. Аны издөө үчүн куткаруучулар тартылып, бирок натыйжа болгон жок.