Ош. Пан Ги Мундун жубайы Пан Сун Дек Сулайман-Тоо менен таанышты

Ош шаарына келген Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мундун жубайы Пан Сун Дек 11-июнда Юнесконун ыйык мурастар тизмесине кирген Сулайман-Тоо менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 
Алгач коноктор ыйык тоонун ортосунда жайгашкан “Үңкүр” музейине барып, “Ош шаары кечээ жана бүгүн” аттуу сүрөт көргөзмөсүнө катышты. Андан соң аталган музейде сакталып турган кыргыздардын улуттук кийимдери, турмуш-тиричиликке пайдалануучу буюмдары менен таанышты.

Ага улай эле келген меймандар үчүн шаар жаштары тарабынан даярдалган концерттик программа, кыз ала качуунун терс көрүнүштөрүн чагылдыган эпизод көрсөтүлдү. Пан Сун Дек айым эпизодду чагылдырган жаштар таланттуу экенин баса белгилеп, аларга терең ыраазычылыгын айтты.

Соңунда Пан Сун Дек айым “Сулайман-Тоо” археологиялык музейинин "Ардактуу атуул" китепчесине “Кыргыз өлкөсүнө жасаган бул иш сапарымда Кыргыз Республикасы жана кыргыз мамлекетинин маданияты тууралуу көптөгөн жакшы нерселерди үйрөндүм. Мындан ары кыргыз жерине бардык жакшылыктарды каалайм” деген кол жазмасын калтырды. 

Даражасы улуу уюмдан келген расмий конокторду КРнын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева коштоп жүрдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bors
2015-06-12 10:48:27
Пан Ги Мун озу тубу Кыргыз экен ушул чынбы Ноокаттан болотимиш.
+1
Odik11
2015-06-12 13:06:03
Эх булар жакшы ниет менен келсе болду да
0
bakaiBBBB
2015-06-12 13:50:31
Пан Ги Мун булардын максаты келип келип Американын кызыкчылыгын коздойт. А биздикилер адатынча жасалма кошоматтар алар менен
0
Bors
2015-06-12 14:05:17
bakaiBBBB, Ушунча чин даражадагы адамдар Кыргызстана келиши бул деген чон нерсе. ООН Американын кызыкчылыгын ойлобойт.
0
Gulya.akbaralieva
2015-06-12 18:05:48
Ким бул озу?
0
uragan007
2015-06-12 23:09:05
Gulya.akbaralieva, менин кошунам
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан