Токмокто Чүй дарыясынан жашы 40-45 чамасындагы эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, маркумдун аты-жөнү тактала элек. Учурда табылган жансыз дене Токмок шаарындагы өлүк сактоочу жайга өткөрүлүп берилди. Ал эми Токмок шаардык ички иштер бөлүмү иликтөө иштерин жүргүзүүдө.