Кара-Балта шаарында тоноочулукка шектелген 17 жаштагы жаран кармалды

Кара-Балта шаарында тоноочулукка шектелген 17 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 34 жаштагы Т.М. кайрылган. Анда ал 23-май күнү саат 15:00 чамасында белгисиз адам 16 жаштагы баласынын кымбат баалуу телефонун тартып алганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 17 жаштагы Т.Т. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан