Социалдык фонддун Москва районундагы бөлүмүнүн башкы адиси “кызмат абалынан пайдаланган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кызматкер чет өлкөдөн депортация болуп келген эки жаранга аты-жөнү өзгөртүлгөн күбөлүк берген. Учурда бул факт боюнча Москва райондук прокуратурасы “шалаакылык” жана “кызмат абалынан пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.