Бишкек шаарында 24 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Нуртаз кызы Элмира үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
Бою 150-155 сантиметр, арык чырай, кара көздүү, бетинде меңи бар. Ошол күнү сары көйнөк, кызыл-ак түстөгү шым кийип жүргөн.
Эгерде ким Элмира тууралуу маалыматка ээ болсо, (0312) 48-28-15, (0550) 10-28-72, (0551) 10-28-05,
(0557) 20-12-68 телефон
номуларына чалып, кабарлап коюңуздар.