Жети-Өгүз районунда 5,2 гектар жер тилкесинин жеке жактарга мыйзамсыз ижарага берилиши боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2007-2009-жылдар аралыгында Ак-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы Г.С., айыл башчысы М.У., Жети-Өгүз райондук администрациясынын мурдагы башчылары З.Т. жана Т.Ч. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамын бузуу менен 5,2 гектар жер тилкесин “М.К.” ишканасына 49 жылга ижарага берип коюшкан. Учура бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.