Балыкчы шаарында граната жарылып, 13 жаштагы бала каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнь күнү SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 12-июнь күнү саат 22:20 чамасында болгон. Анда РГД-5 үлгүсүндөгү граната жарылып, 2002-жылы туулган Н. уулу А. каза таап, 2001-жылы туулган Ш.А. жана 1978-жылы туулган Д.Н. жабыркаган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
“Гранатаны үйгө 1998-жылы туулган бала 2012-жылы коңшусунун үйүнөн алып келип, орок-балка салган баштыкка салып койгон. Аны ошол үйдө жашаган аталаш бир тууган эки өспүрүм бала таап алышып, ойноп жатышканда жарылып кеткен. Учурда жарылуучу зат кандайча коңшусунун үйүнө келип калганы такталууда”,- дейт Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.