Сузакта “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү аныкталып, биринин үйүнөн ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен, Сузак райондук сотунун санкциясына ылайык, 1973-жылы туулган К.Мнын жашаган үйү текшерүүгө алынган. Анда экстремисттик маанайдагы материалдар алынып, 16 калибрлүү сайсыз мылтык табылган. Ошол соттун чечими менен 1985-жылы туулган А.Инин да үйү тинтүүгө алынып, диний китептер, дисктер, баракчалар табылган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.