Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 13-июнда башка жарандын паспорту менен Бишкектен Түркияга учуп кетүүгө камынып жаткан жаран Бишкектеги "Манас" аэропортунун көзөмөл пунктунан кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматы тиешелүү документтерди толтуруп, андан кийин аны УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп беришти.