Президент
Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-июнда Улуу Ата Мекендик согуш учурунда блокадада калган Ленинград шаарынан жер которуп келген 150 баланы камкордукка бөлөп, өмүрү легендага айланган аял, маркум
Токтогон Алтыбасарованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
“Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Токтогон апа блокадада калган Ленинград шаарынан жер которуп келген 150 балага эне ордуна эне болгон. 16 жаш күлгүн курагында ал балдарга мээримин төгүп, ысыгына күйүп, суугуна тоңгон”,- деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.
Токтогон апа согуш жылдарында Ысык-Көл облусундагы Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылдык кеңешинин катчысы болуп иштеп, блокададагы Ленинград шаарынан келишкен балдарды өз камкордугуна алганы коомчулукка жакшы белгилүү. Ал жаңы келген ар бир наристени бооруна тартып, балдардын жашын көз менен аныктап, ысымын да өзү койгон, анткени Ленинграддан Ысык-Көлгө чейинки 3 айга созулган жолдо билегине байланган кездеме менен балдар көз жашын сүртө беришип, анда жазылган балдардын ысымдары өчүп калган.
Каардуу согуштун катаал сыноолоруна карабастан, Токтогон апанын камкордугуна бөлөнгөн блокада балдары Ысык-Көлдө аман-эсен чоңоюшуп, Советтер Союзунун ар кайсы жерлерине кетишкен. Алар жазган каттарды Токтогон апа аяр сактап, улам кайталап окуганды жакшы көргөн.
Токтогон Алтыбасарова - Бишкек шаарындагы блокадычаларга жана кыргыз өлкөсүнө жер которуп келишкен блокада балдарын ачарчылыктан сактап калышкан кыргызстандыктарга арналып курулган эстеликтин кейипкери. Мамлекет башчынын телеграммасында ушундай эбегейсиз зор эрдик көрсөткөн Токтогон Алтыбасарова 44 жыл бою айылдык кеңештин катчысы болуп иштегендиги, ал Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусуна турмушка чыгып, 4 баланын, 4 кыздын энеси болгондугу, 23 небере, 13 чөбөрө көргөндүгү белгиленет.
Президент А.Атамбаев өз телеграммасында Токтогон Алтыбасарованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, Токтогон апанын өрнөктүү өмүрү кыргызстандыктар үчүн ар дайым үлгү болуп кала берерин жана анын жаркын элеси унутулбай тургандыгын белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен маркум Токтогон Алтыбасарованын үй-бүлөсүнө 100 миң сом материалдык жардам бөлүндү.
Айта кетсек, Токтогон Алтыбасарова 91 жаш курагында дүйнө салып, ардагерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 11-июнь күнү Ысык-Көл
облусунун Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылында өттү.
Токтогон Алтыбасарова 1923-жылы жарык дүйнөгө келген.