“Милиция кызматкерлери жолдошумду Канжар Кадыралиевдин иши боюнча тосмо арыз жаздырыш үчүн кармашты”,- деп билдирди SUPER.KG порталына Замира Сатыбалдиева.
Анын айтымында, жолдошу Мирлан Жолдошовду милиция кызматкерибиз деген белгисиз адамдар 11-июнь күнү Бишкектен кармап кетишкен.
“Ошондон бери дайынсыз болуп жаткан. Бүгүн, 13-июнда күйөөмдүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгында кармалып жатканы белгилүү болду. “Эмнеге кармадыңар?” деп сурасак, “бирөөгө 180 миң сом карыз экенсиңер” дейт. Ооба, карызыбыз бар, бирок ал адам менен болгон мамилебиз жакшы. Аны мындай кадамга барат деп ойлобойм. Бул жогору жактан уюштурулуп жатат, анткени жолдошумду Канжар Кадыралиевдин иши боюнча тосмо арыз жаздыра албай жатышат”,- дейт Сатыбалдиева.
Айта кетсек, 17-мартта Мирлан Жолдошов "Канжар Кадыралиев коркутуу жолу менен кафемди тартып алып, үйүмдөн кууп чыкты" деп Бишкекте маалымат жыйынын өткөргөн эле.