"Тилек Шаабаевди атып өлтүрүшкөн МАИ кызматкерлери тосмо арыз жазуу үчүн 4 миң доллар сунуштап жатышат" дейт маркумдун досу

23 жаштагы Тилек Шаабаевди атып өлтүрүшкөн МАИ кызматкерлери тосмо арыз жазуу үчүн 4 миң доллар сунуштап жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда SUPER.KG порталына маркумдун жакын досу Турат Кадыров билдирди.

Бүгүн Тилек Шаабаевди жерге берип келдик. Анын өлүмү боюнча Москва райондук прокуратурасына арыз жазганбыз. МАИ кызматкерлери тосмо арыз жазуу үчүн 4 миң доллар сунушташты, бирок бизге акчанын кереги жок, болгону татыктуу жазаларын алышсын”,- дейт Кадыров.

Ошондой эле ал: “Досумдун канчалык күнөөсү бар же жогун билбейм. Ички иштер министрлиги кызматкер жыгылганда куралынан ок чыккан деп жатат, бирок ок Тилектин денесине өйдө жактан келип тийген. Бул боюнча экспертизанын жыйынтыгы эки-үч күндө даяр болот”,- деди.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 11-июнь күнү саат 21:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 39-чакырымында Ниссан Альмера унаасын токтотуу үчүн белги берилген, бирок айдоочу жол-кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, унааны катуу ылдамдыкта айдап жөнөгөн. Анын артынан түшкөн кызматкерлер унаанын алдына чыгып, бири эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Ага да болбогон айдоочу жол-кайгуул кызматкерин сүзүп, качып кетүүгө аракет кылган. Ошол учурда жыгылган кызматкердин куралынан ок чыгып, айдоочуга тийген. Мындан улам ал ооруканага жеткирилип, тилекке каршы, аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (49)
aibo_85
2015-06-14 09:22:16
токтоткондо качып кетсе кийинки постко рация менен кабар берип коюшса болмок. бул гаишник озум кармап сындырам деп ойлосо керек.
+2
bakyt.kg
2015-06-14 09:27:32
Мыйзам мыйзам дейсинер мыйзам боюнча маи кызматкерлери куноолу жол эрежесинде бардыгына так жана тушунукту жазылган артынан кууганга тыйуу салынган кууп бараткан унаа кырсыка учураса маи кызматкерлери куноолу деп ошондуктан посттон постко рация аркылу кабарлаш керек маи кызматкерлери 100 пайыз куноолу.
0
Lenin
2015-06-14 09:31:43
Кубалабай койсо, Ал барып башка адамдын омурун алган болсо, бааарыбыз кайра маини жемелеп калмакпыз.
+2
men_da_kattaldym_xexe
2015-06-14 11:09:00
Lenin, ооба анда да жазышмак, МАИчинин куноосу да ичип алса да токтотпой мына мынча адамды аварияга учуратты деп. МАИчинин машинасы алдына чыкканда да токтобой барып сузгондо жанылыш ок чыккан экен да, ажал...
0
baybolot
2015-06-14 11:46:01
бутуна аткыдай жоо качыптырбы кызыксынар ичип алып рульга отурбагылачы
+4
Sezim.A
2015-06-14 12:39:06
Окунучтуусу бала кулгун куракта жашоо менен коштошуптур.Башка салгылык кылбасын, айтканга оной!Тооба кылдым дештен башка соз оозго келбейт!
+2
Nurmuhammad
2015-06-14 12:45:19
Многу досу да ошол жерде бар бекен?
Мен анча тушунбой калдым эмне учун МАИ кызматкерлери досуна акча сунуштап жатышат?
Акчаны алсын бирок досу албасын туугандары алыш керек да?
А эмнеге туугандарынын ордуна досу жооп берип жатканы мага кызык болуп жатат...
0
tursunbaev2004
2015-06-14 14:19:14
Nurmuhammad,досу окуя болгон жерде болсо керекда
0
Nurmuhammad
2015-06-14 12:54:48
Анан да бир адамды МАИ кызматкерлери 4000$га баалаптырда тооба кылдым!
Толосун кунун нормальный кылып.
0
azada312
2015-06-14 13:24:45
Токтобой кетсе дагы , на без окружного они не имеют право стрелять !! По глупости убили молодого парня , они должны понести наказание!!
+1
Mirlan5
2015-06-14 13:26:57
Негизи токтош керек болчу. Жаткан жери жайлуу болсун. Жаш экен ошонусу окундурот.Негизи МАИлерде 95процент акча сындырыш учун иштешет.Ана тааныш билиш,акча менен ишке орношушат оз ишин так билген МАИ ото аз ото... 95% МАИ арам акча менен жашайт аны баары билет анан билмексен болушуп кээ бир МАИлер сасык экенсин дейт оз укугунду талашсан. Чындыгында арам акча алган сен сасыксын...
+2
tursunbaev2004
2015-06-14 14:20:11
Окунучтуу окуя бирок ГАИлер деле ишин аткардыда токто дегенде токтош керекда
0
kachy0212
2015-06-14 16:26:57
Атпаш керек болчу машинаны да айдоочуну да атканга укугу жок гаинин кубалап жетпей калса машинанын номерин жазып калса болмок анан озу эле чыгат данныйлары тирулой кармап алып жазасын берсе болмок 23-жаш гулгун курагы экен.Бирок тагдыр ушундай.
0
Eliza761024
2015-06-14 17:23:59
Тилеке окшогондор жуздоп саналат.Алардын баарын ата берсе ,кыргыздар тугонуп бутобуз го.Арака тоюп алып,эрежени бузган ошо озулору гаишниктер.
+1
Bonia9189
2015-06-14 17:32:01
Арты кайрылуу болсун ажал экенда эми кайра кайрып бербейтда,жакындарына конул айтабыз а бул жерде ким куноолу экенин бир жараткан "АЛЛАХТАН"башка эч ким билбейт эми закон деген законда башкаларга ушул окуядан кийин сабак болоор.
+1
kg-zzzzz
2015-06-14 21:37:39
кунолуубу куноосузбу маи кызматкерлери адамга ок атуу бул туура эмес окту айдоочуга карап эмес и жогоруда бензо бакка атса жарылат дегендер да туура эмес искра болбосо орт кайдан чыгат маи кызматкери машинанын донгологуно атыш керек болчу асманга аткандан кийин
+1
richman.kg
2015-06-15 03:11:32
МАИ кызматкерлерине куч колдонбосо алар ок чыгарганы эч кандай укугу жок. Жана артынан кубалабай, номерин жазып алып соттун чечими менен иш кылыш керек болчу. Бул куноо МАИ кызматкерлеринде. Курал жарак МАИлерге атып токтотуш учун эмес, сактаныш учун берилет.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан