Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунда жуулган килем-паластардын самын суулары бак-дарактарга зыян келтирүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.
“Келечек” балдар бакчасынын жанында күнүнө ондогон килем-паластар жеке адамдар тарабынан жуулат. Андан чыккан самын суулар Бөкөнбаев атындагы орто мектептин бак-дарактарына зыян келтирүүдө. Мындай көрүнүш бир канча жылдан бери кайталанып келет. Бул нерселерди көзөмөлдөөчү орган жокпу?”- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.