Сокулук районунда мындан жарым жыл мурун дайынсыз делип жаткан жашы жете элек кыз табылды

Сокулук районунда мындан жарым жыл мурун дайынсыз делип жаткан жашы жете элек кыз табылды. Бул тууралуу 15-июнда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын ноябрь айында Сокулук РИИБине 1998-жылы туулган К.Анын жоголуп кеткендигин айтып, кыздын туугандары кайрылышкан. Сокулук РИИБи бул факты боюнча издөө жарыялап, ушул жылдын май айынын соңунда аны аталган райондогу дүкөндөрдүн биринде иштеп жаткан жеринен табышкан. Андан кийин Сокулук РИИБине кыздын ата-энеси чакырылып, кыз менен профилактикалык аңгемелешүү жүргүзүп, кыз үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилген. Туугандары кыз дайынсыз жоголуп кеткенге чейин да бир канча жолу үйүнөн кетип калганын айтышкан. Акыркы ирет ал үйдөн чыгып кеткен бойдон жарым жыл убакытка жоголуп кеткен.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Patriot...kg
2015-06-15 08:54:14
Мм да жакшы болуптур.
0
karasuu
2015-06-15 09:07:37
98-жылы туулган......бир нерсе болом же ата энем кыжалат болот деп деле коркбойт азыркылар...?!
+2
kama_future_millioner
2015-06-15 09:09:05
Мына сага
0
Rifle
2015-06-15 09:16:43
Батышты тууралап журуп, озубуздун маданиятыбыз жоголо баштады.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан