14-июнь күнү болгон катуу шамал Алай районунда бир нече үйдүн чатырларын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, райондун
Осоавиахим, Үч-Чат жана Миязды
айылдарында катуу шамал катталып, анын кесепетинен айыл аймак боюнча 43
турак үйдүн чатырларынын шиферлерин шамал учуруп кеткен.Ошондой эле Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Сүрө-Таш айылында катуу шамал
катталган. Шамалдын кесепетинен 20 турак үйдүн чатырларынын шиферлерин
шамал учуруп кеткен. Шамалдын ылдамдыгы такталууда. Кошумча маалымат
берилет.