Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек айыл аймагынын жайлоосунда 2015-жылдын 12-13-июнунда калыңдыгы 50-60 сантиметрге жеткен кар жаап, аба ырайы суук болгондугуна байланыштуу болжол менен 150 баш кой, 2 баш уй жана 15 баш топоз өлгөн. Бул тууралуу 15-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Мындан сырткары жайлоого баруучу жолдогу Сары-Жаз суусунун деңгээли көбөйүп, андагы көпүрө бузула баштаган. Көпүрөнү оңдоого 30-40 даана габиондук торчо жана күйүүчү май керектелет. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.