Токмокто 16 жаштагы мектеп окуучусу адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Токмок шаарында мектеп окуучусу оор кылмышка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы 15-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга 13-июнь күнү саат 20:30 чамасында шаардын кичи райондорунун биринде белгисиз адамдар тарабынан жаш жигиттин сабалганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерден Арпа-Тектир айылынын тургуну, 1990-жылы туулган О.У. аттуу жарандын кансыраган жансыз денеси табылган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган М.Б. кармалган. Кылмыш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан