Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болуп, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу 15-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 14-июнь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 306-чакырымындагы Артак ашуусунда Мерседес-Бенц-230 унаасынын айдоочусу автоунааны башкара албай жолдон чыгып кеткен. Кырсыктан айдоочу, 1973-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Т.Ташматов каза болгон. Андан сырткары Ош облусунун 1949-жылы туулган тургуну Изат Сулайманова каза болгон. Анын сөөгү Токтогул районунун өлүкканасына жеткирилген.
Жаракат алган жүргүнчүлөр:
1) Н.Ташматова, 1985-жылы туулган, Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну.
2) Г.Кабилова, 1980-жылы туулган, Бишкек шаарынын Тынчтык көчөсүнүн тургуну.
3) 2006-жылы туулган Нуртилек Карыбеков оор жаракат алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.
4) 2012-жылы туулган Аалы Карыбеков оор абалда Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.