Баткенде сел жүрүп, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 180-чакырымын бузуп кеткен

Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут айыл аймагында 14-июнда саат 19:00 чамасында сел жүргөн. Селдин кесепетинен Согмент айылында 4 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүүдө. 

Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагында ушул эле күнү 21:00 чамасында сел жүргөн. Селдин кесепетинен Чечме айылында, эски Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 180-чакырымындагы сел өтүүчү сайды 1-2 метр тереңдикте сел суулары оюп, бузуп кеткен. Азыркы учурда жол каттамы Чечме айылынын ичи менен айланып өтүүчү жол аркылуу жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан