14-июнда катуу шамал Жалал-Абад облусундагы бир катар үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти

14-июнда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагында саат 17:50 чамасында катуу шамал катталган. Шамал Базар-Коргон айылында 3 турак үйдүн чатырын жана 1 сарайдын чатырын учуруп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы мындан сырткары аталган райондун Кеңеш айыл аймагындагы Суу-Башы айылында 4 турак үйдүн чатырын, 1 бастырманын чатырын шамал учуруп кеткенин билдирди. Ошондой эле шамал Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы Соку-Таш айылында 1 турак үйдүн чатырын учуруп кеткен. 

Ушул эле күнү Жалал-Абад шаарында сел жүргөн. Сел суулары 2 көп кабаттуу турак үйдүн жана 1 турак үйдүн жер төлөлөрүнө, 1 көп кабаттуу турак үйдүн, Аскер комиссариатынын, 1 орто мектептин жана өкмөттүн облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын короолоруна кирген. Учурда суу кирген жер төлөлөрдү жана короолорду тазалоо иштери толугу менен аяктады. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altynbekk5
2015-06-15 10:57:39
Жаман болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан