6-июнь күнү саат 20:15 чамасында Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу дарыясына агып кеткен 5 жаштагы Б.Самидинов дале табыла элек. 15-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, 14-июнь күнү аны издөө үчүн "Таш-Көмүр II" издөө-куткаруу отрядынын куткаруучуларынан 8 куткаруучу тартылып, издөө иштерин жүргүзүштү, натыйжа болгон жок.