Бүгүн, 22-февралда саат 11:12 чамасында Ысык-Көл облусунда күчү 3,5-4 баллга жеткен жер титирөө катталды. ӨКМнин билдирүүсү боюнча, жер титирөөнүн күчү Михайловка жана Тепке айылдарында 3 балл, Каракол шаарында 2,5-3, Түп айылында 2 баллга жеткен. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча адам өмүрүнө зыян келтирген учур болгон эмес.