ЭЛДИК КАБАР: Баткен районундагы Кызыл-Бел айылынын эли тар жолду тарытып жатат

Баткен районундагы Кызыл-Бел айылынын эли кыргыз-тажик чек арасындагы Кызыл-Бел өткөрмө пунктуна барчу тар жолду тарытып жатат. Бул тууралуу окурман 15-июнда Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Окурман аталган айылдын эли жолго таштарды төгүп салганын айтат. 
"Жолго чийки кыш куюп, таштарды төгүп салышкан. Ошондой эле жыгачтарды таштап салышып, эки унаанын карама-каршы өтүүсүнө тоскоолдук кылат. Бул көрүнүш бир канча жылдан бери кайталанып келет. Буга өкмөттүн облустагы өкүлү көңүл буруусу зарыл, анткени бул жол Тажикстанга баруучу эл аралык жол болуп саналат",- дейт окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nursultan1
2015-06-15 13:32:02
Тирилик деген ушу да
0
sungjinsystem
2015-06-15 16:36:14
Ким жазса да алдаптыр, бул эл аралык жол эмес, айылдын ичи , мен ошол жердемин го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан