Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунун курулуш иши башталды

Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунун курулуш ишинин ачылуу аземи болду. Бул тууралуу 15-июнда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, стадиондун курулушуна жергиликтүү бюджеттен 35 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, 3 фирма тендерди утуп алган. "Курманбек" стадионунун толук курулушу октябрь айында бүтөт. Тендерге бөлүнгөн 35 миллион сомдон 11 миллион сом акча каражаты үнөмдөлдү. Шаарыбыздын тургундарына, конокторуна, жакшы маанай жаратып, жакшы концерттик программаларды тартуулап бергенге, жамгыр, кар жааганына, күн ысыганына карабастан, стадиондо эс алып кеткенге жакшы шарттар түзүлүүдө. Курулуп жаткан курулуштун сапаты да жогорку деңгээлде болот" - дейт Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nursultan1
2015-06-15 15:06:26
35 млн сом сапаттуу жана заманбап кылып оңдоого өтө эле аз, бирок жакшы иш башталыптыр, эми ишти бүткөндөн кийин көрөрбүз.
+2
volk.kg
2015-06-15 17:22:50
nursultan1, 35 млн сомго бутпойт. Дагы каражат сарптайбыыыыз деп интервью берген мер
0
uefamif
2015-06-15 15:47:10
Аллах колдосун! Ушул мэр жакшы иштеп жатат окшойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан