Үч эмдин апасы: "Өкмөт тараптан 100 миң сом жардам көрсөтүлгөн, ал акча азыр сакталып турат"

"Өкмөт тараптан 100 миң сом жардам көрсөтүлгөн, ал акча азыр сакталып турат". Муну бүгүн, 15-июнда SUPER.KG порталына үч эмди жарыкка алып келген 23 жаштагы Бактыгүл Камчыбек кызы билдирди. Анын айтымында, өкмөт балдар үчүн деп бөлүп берген каражат учурда банктык эсепте сакталып турат.

Кудайга шүгүр, балдарым менен аман-эсен, ден соолуктарыбыз жакшы. Мындан беш күн мурда өкмөт тараптан акча бөлүндү деп жакшы кабар айтып, эки кызматкер келген. Ошол акчанын эсебинен өзүмө керектүү делген дары-дармек жана башкаларын акырындан сатып алып жатам. Негизи, буга чейин жардам бергендер көп эле болду, баш-аягы 30 миң сомдой келди. Учурда кайрымдуулук кылгандар токтоп калды.

Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан Баланы жана энени коргоо борборундабыз. Демөөрчүлөр ижарага алып беребиз деген үйгө чыга элекпиз. Өкмөт бир бөлмөлүү болсо да үй берип калар деген үмүттөмүн”,- дейт Бактыгүл айым. 

Кошумчалай кетсек, үч эм 5-июнда жарыкка келген

"Барарга жерим жок" дейт үч эмдин энеси
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Chayan555
2015-06-15 17:52:08
Байкуш уй дегенде эки козу торт.Бул кундор да отуп кетет бактына уч балан аман болсун.Кепедей болсо да оз уйун болсун дегени туура.Бирок уч балага 1 ком уй кичинелик кылат.Эгер колумдан келип турганда кана эле 3 комнаталуу уй сатып бермек элем(((.
+4
sergo
2015-06-15 21:10:26
Жуз мин сом балее болобу бир болмолу болсода квартира берсин
+3
mers8
2015-06-16 02:27:48
Биздикилер 100мин сомду чон сума коруп калганбы или ал жактан когунон болунсо ортодогу эргулдар сомго айландырып койуп атышабы бийликтегилерге айтарым баарына тегиз карагыла откондогу уч эм торолуп атынарды койгондо добрый болуп кетинер элего кана бергиле бул уч эмге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан