"Ош" чек ара отрядында аскердик бөлүктүн түптөлгөн күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу 15-июнда Чек ара кызматынан билдиришти.
Ага Чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча
башкармалыгынын башчысы, полковник
К.Жеенбаев, Кыргыз Республикасындагы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын ыкчам чек ара тобунун өкүлдөрү, ардагерлер,
жергиликтүү бийлик органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
“Чек арадан биздин мекенибиз башталат, андыктан ар бир чек арачы Ата Мекенге ак ниет кызмат кылууга милдеттүү. Бүткүл дүйнөдө азыркы убакта терроризм, экстремизм жана башка заманбап коркунучтар кооптуу болуп турганда чек арачылар бир мүнөткө да кыраакылыктан тайбашы керек”,- деди полковник К.Жеенбаев.
"Ош" чек ара отрядынын өздүк курамы кыргыз-кытай, кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкелерин коргоону жана кайтарууну камсыз кылып келет. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги жана "Ош" чек ара кошуунунун кол башчылыгы жылдан-жылга отряддын заставаларынын инфраструктурасын, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды көрүүдө.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө кызматта артыкчылык көрсөткөн чек арачыларга ведомстволук сыйлыктар ыйгарылды.
Маалымат үчүн: Бул жылы аскердик бөлүк 48 жылдыгын белгиледи. "Ош" чек ара отрядынын тарыхынын башаты Советтер Союзу түптөлүп жаткан кезден башталат. 1924-жылы 24-декабрда Түркстан дивизиясынын курамында Жалал-Абад өз алдынча комендатурасы түзүлүп, аны 1926-жылы "Ош" чек ара комендатурасы деп өзгөртүшкөн. Кийинчерээк, 1936-жылы "Ош" чек ара комендатурасы "Алай-Гүлчө" чек ара комендатурасы деп аталып, ал эми 1967-жылы 15-июнда "Мургаб" жана "Гүлчө" комендатуралары бириктирилип, анын негизинде "Ош" чек ара отряды түзүлгөн. Ошол дата аскердик бөлүктүн түптөлгөн күнү катары жазылып калган.