13-июнь күнү биринчи жолу Ош-Тамчы авиакаттамы боюнча Ысык-Көлгө Ош шаарынан учак барып конду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Салтанаттуу иш-чарага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, өкмөттүн Ош облусундагы атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери, жаш активисттер катышышты. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев аймактын маданияты, тарыхый жерлери, каада-салттары жөнүндө айтып берди.
Ош-Тамчы-Ош авиакаттамы боюнча Ысык-Көлгө баргандар Чолпон-Атадагы музейде, Ч.Айтматов атындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда болушту.