Чүй облусунда айдоочуну аткан жол-кайгуул кызматкери эки айга камакка алынды

Чүй облусунда айдоочуну аткан жол-кайгуул кызматкери эки айга камакка алынды. Окуяны Ички иштер министрлиги иликтеп жатканын мекеменин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев билдирди.
Анын айтымында, жол-кайгуул кызматкери "кызмат абалынан аша чапкандык" беренеси боюнча айыпталып жатат. "Биздин маалыматыбыз боюнча, айдоочуга карата ок кокустуктан атылган. Биринчи жолу эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Ага да болбогон айдоочу жол-кайгуул кызматкерин жөлөп кетип, качууга аракет кылган. Ошол учурда жыгылган кызматкердин куралынан ок чыгып, айдоочуга тийген. Прокуратуранын чечими менен 2 айга камалды. Тергөө амалдары бүткөндөн кийин чечимди сот кабыл алат",- дейт ал.
Эске салсак, окуя 11-июнь күнү саат 21:30 чамасында болгон. Анда Бишкек-Ош унаа жолунун 39-чакырымында Ниссан Альмера унаасын токтотуу үчүн белги берилген, бирок айдоочу жол-кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, унааны катуу ылдамдыкта айдап жөнөгөн. Анын артынан түшкөн кызматкерлер унаанын алдына чыгып, бири эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Ага да болбогон айдоочу жол-кайгуул кызматкерин сүзүп, качып кетүүгө аракет кылган. Ошол учурда жыгылган кызматкердин куралынан ок чыгып, айдоочуга тийген. Ал ооруканага жеткирилип, тилекке каршы, аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nur0077
2015-06-15 17:13:12
Мыйзамды сыйлап жашаганга уйронбойлубу,ар кимибиз мас болуп рульга отуруп бироолорду шорлотуп журо берелиби?ГАИ мыйзамдуу милдетин аткарды да,бирок олтуройун деген оюу жок болсо керек.кантип эле олтуройун десин.ГАИни камаган озу туура эмес.Мынаке сага мамлекеттеги мыйзамсыздык.
+3
nur0077
2015-06-15 17:16:06
Ишти териштириш учун ГАИни камаган туура эмес.Жон эле подписка о невьезда берип туруп,экспертный комиссия иштеш керек.ГАИнин тагдырын акчага такабай эле.
0
Medina87
2015-06-15 17:52:06
ГАИники туура! Неге эскертууго карабайт, закон баарыбызга бирдей!
+3
dimadimon
2015-06-16 01:41:46
ал жигитти ичкени аныкпы? анык эмеско.
0
mamaidingory
2015-06-16 04:51:51
гаи кызматкерлерде куноо бар баллада да бар экендоо тен ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-06-16 11:43:35
mamaidingory - эскертүү!
Коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан